Бүгүн, 1-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбековдун шоу концерти өтүп жатат.
Концертке кыргыз эстрада ырчылары Улан Осмон уулу, Роза Шакирова, Алтынай Асанбекова катышты.
Ошондой эле кечени “Беш тапан” куудулдар тобунун жигиттери күлкүгө бөлөштү.
Гүлжигит Сатыбеков ырдап жаткан учурда жаш күйөрман сахнада “Айсанам” аттуу ырды аткарып берип, жагымдуу маанай тартуулады.
Көрөрмандар ырчыга кошулуп бирде шаңдуу, бирде муңдуу ырдап отурушту.
Алып баруучулук тизгинди куудул, тамада Нурхан Догдурбеков алды.