"Өлүк казылып алынып". Чүйдө өтө оор кылмыштын бети ачылды (видео)

Ысык-Ата районунун Таш-Башат айылында жаранды мыкаачылык менен өлтүрүү боюнча иштин бети ачылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 2022-жылдын 21-ноябрында Таш-Башат айылынын аймагында денесинде ар кандай жаракаттары бар, жерге көмүлгөн болжол менен 45-50 жаш курактагы белгисиз адамдын сөөгү табылган.
Соттук-медициналык эксперттин катышуусу менен өлүктү кароо учурунда денесинен бычактан көптөгөн жаракат алгандыгы аныкталган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Бир катар ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө өлүктүн өздүгү такталып, ал 1974-жылы туулган Д.К. аттуу жаран экендиги аныкталган. Ал 2022-жылдын 18-октябрынан бери дайынсыз жоголгон жаран экендиги такталган.
"Комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмыш ишине шектүү катары 1997-жылы туулган Б.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмыш мүлк талашуудан улам келип чыкканы аныкталды", - деп билдиришти облустук милициядан.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Ысык-Атада оор кылмыштын бети ачылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан