"Актриса Оксана Гоголду өлтүргөн" деген шек менен 50 жаштагы Б.Михаил кармалды

"Орус драма театрынын актрисасы Оксана Гоголду өлтүргөн" деген шек менен Бишкек шаарынын Ак-Босого жаңы конушунун 50 жаштагы тургуну Б.Михаил кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү мурда үч ирет соттолгон. Ал Бишкек шаарында көчө шыпыргыч болуп иштечү.  

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында саат 04:45тер чамасында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барышканда У.Салиеванын эстелигинин жанынан катуу сабалган европа улутундагы аял табылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бирок ал эсине келе  албай 1-декабрда көз жумган болчу. Тергөө иштеринин негизинде маркум Орус драма театрынын актрисасы 50 жаштагы Оксана Гоголь экендиги аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sterva
2013-12-09 17:18:36
Суроту барбы ошол актрисанын? Жуктоп койгулачы
0
admin_superstan
2013-12-09 18:03:25
sterva, сүрөтү төмөнкү шилтемеде:
http://www.super.kg/kabar/news/41103/
0
Айдай
2013-12-10 11:55:58
эми кочо шыпырган адамдардан айланып отуп калат экенбизго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан