Баткенде минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт коюлду

Лейлекте коңшу республикага минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз алып өтүү иштерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

"Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка айылында Hyundai Porter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа, 30 кап аммиак селитрасы жана 163 кап карбамид минералдык жер семирткичтери менен кармалган. Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөнүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес", - деп айтылат билдирүүдө.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен кармалган унаа жооптуу сактоочу жайга коюлуп, жүк Мамлекеттик бажы кызматына өткөрүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
agekifol
2023-02-06 07:38:00
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан