Zagreb Open: Бүгүн Айпери Медет кызы алтын үчүн күрөшөт

Айпери Медет кызы бүгүн, 5-февралда Хорватиянын борборунда өтүп жаткан Zagreb Open рейтингдик мелдешинин финалында алтын үчүн күрөшөт.

Маалымдалгандай, ал финалда америкалык Елена Макойед менен күч сынашат.

Эскерте кетсек, Айпери Медет кызы 4-февралда килем үстүнө чыгып, таймашты 1/8 финалдан баштаган.

Ал алгач индиялык Киран Киран аттуу кыз менен килем үстүнө чыгып, атаандашынын далысын жерге басуу менен таза жеңишти камсыздады. Чейрек финалда кыргыз кызы канадалык Жюстина Ди Стасио менен күрөшүп, анын дагы далысын жерге басып, жеңишке жетүү менен жарым финалга жолдомо алды.

Анда спортчу кытайлык Жуан Ванг менен күрөштү. Кармашта эки упай артыкчылык менен келе жаткан кыргызстандык спортчу кайрадан атаандашынын далысын басканга жетишти.

Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдеши 1-февралда башталган, бүгүн жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
agekifol
2023-02-06 01:13:00
agekifol
2023-02-06 01:14:00
agekifol
2023-02-06 01:14:00
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан