Айпери Медет кызы Хорватиядагы Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдешинде күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү билдирди.
Маалымдалгандай, финалдык беттеште спортчу Елена Макойед менен күрөштү. Анда балбан 2:4 эсебинде жеңилип калды.
76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Медет кызы алгач индиялык Киран Киран аттуу кыз менен килем үстүнө чыгып, атаандашынын далысын жерге басуу менен таза жеңишти камсыздады. Чейрек финалда кыргыз кызы канадалык Жюстина Ди Стасио менен күрөшүп, анын дагы далысын жерге басып, жеңишке жетүү менен жарым финалга жолдомо алган.
Анда спортчу кытайлык Жуан Ванг менен күрөшүп, жеңишке жетишкен болчу.
Турнир 1-февралда башталып, бүгүн, 5-февралда жыйынтыкталат. Ага 600гө жакын спортчу катышып жатат.