Астанада футбол боюнча блогерлердин мелдешинде Кыргызстан менен Орусиянын оюнчулары мушташа кетишти. Андагы видеолор интернет желесине жүктөлдү.
Маалымдалгандай, мушташ медиа-турнирдин 3-турунун матчында Top Team (Кыргызстан) жана 2Drots (Орусия) командаларынын оюнчуларынын ортосунда чыккан.
Алдын ала маалыматтарга караганда, буга Орусиянын оюнчуларынын кыргызстандык атаандаштарын кемсинтип, спорттук эмес жүрүм-туруму себеп болгону айтылат.
Калыс оюнчуларга бир нече кызыл кагаз көрсөткөндөн кийин, Top Team командасы беттешти улантуудан баш тарткан. Бул техникалык утулуу катары эсептелген.
Аны менен бирге аталган команда мелдештен четтеген.