"Париж-2024": Эстония Орусия Олимпиадага катышса бойкот жарыяларын билдирди

Эстониянын премьер-министри Кая Каллас эгер Орусия менен Беларустун спортчуларына Олимпиадага катышууга уруксат берилсе, өлкө 2024-жылкы Париж Олимпиадасына бойкот жарыяларын билдирди. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Анын айтымында, Таллин учурда Олимп оюндарына орустар менен беларустардын катышуусу туура эмес деп эсептеп, союздаштарын ынандырууга аракет кылууда.

"Кийинки кадам - ​​бойкот", - деген Каллас.

Өз кезегинде Польшанын спорт жана туризм министри Камил Бортничук 10-февралда дүйнөнүн 40 өлкөсүнүн спорт министрлери Париж Олимпиадасына Орусия менен Беларустун спортчуларынын катышуусуна байланыштуу биргелешкен билдирүү жасай турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Агата Кристи
2023-02-07 13:00:00
Спортко саясатты аралаштырбаш керек, бүт эле саясат болуп атат силердики...же орустун спортчулары к*түбүздү түйрүп коет деп коркуп атасынарбы? Фигурное катание боюнча Европа чемпиондугун кордунор да бир да орус спортчусу катышпай денгээли томон отту, ага караганда Орусия чемпиондугу Олимпиададай эле отот экен. Могу Прибалтикадагылар бизди да орус бастырып кирет деп коендой эле коркуп отурушат. Сасык саясатты Израиль менен АКШ эле чалып жатат силерге не жок!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан