Коңшу Казакстандын Шиели районунун Сулутөбе айылына жакын жерде, Самара-Шымкент унаа жолунда Орусиядан Кыргызстанга келе жаткан Toyota Estima үлгүсүндөгү унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, унаада алты кыргызстандык болгон. Айдоочу жолдун тайгактыгынан унааны башкара албай унаа оодарылып кеткен. Натыйжада айдоочу каза болуп, калган жүргүнчүлөр ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.
Полиция бул жол кырсыгы электрондук журналга катталганын, полиция бул боюнча тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын билдирди.