Ош шаарында көп кабаттуу үйгө лифт коюп берүүнү убадалап, бирок убадасын аткарбай жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, милицияга арыз менен 1980-жылы туулган аял кайрылган. Ал арызында "Акунбек-Асан" ЖЧКнын жетекчиси 2019-жылы Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө жаӊыдан курулушу аяктап жаткан көп кабаттуу үйгө жаӊы лифт алып келип орнотуп берүүнү убадалап, бирок ушул күнгө чейин келишимди аткарбай келгенин билдирген.
"Буюртма берген тарап келишим боюнча акчаларын толугу менен берген. Бүгүнкү күндө буюртмачы тарапка келтирилген чыгым 95 миң 200 долларды түзөт. Арыз жазган аял шектүү А.Э. келишимди аткарбастан 4 жылдан бери созуп келгендигин, подъезддин экөөнө эски лифттерди орнотконун, анын кесепетинен тез-тез бузулуп, ичинде адамдар калып кетип жаткандыгын, ал эми калган эки подъездге эч кандай лифт алынып келе электигин билдирген. Бирок келишимде 4 подъездге жаӊы лифттерди орнотуу тууралуу түзүлгөн. Ал эми шектүү А.Э. пандемия учурунда лифттерди Кытайдан алып келе албай калгандыгын айтууда", - деп билдиришти шаардык милициядан.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү А.Э. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө уланууда.