Кадамжай районундагы Исфайрам дарыясынан 39 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылынан өткөн Исфайрам дарыясында белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан министрликке түшүп, чыгарып берүүнү суранышкан.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, аял кишинин жансыз денесин суудан чыгарып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жансыз денеси суудан табылган аял 1984-жылы туулган Ч.З. экендиги аныкталган.