Чүй облусунун Панфилов районунда 21 жаштагы Тохтохан Нурдинова дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 26-январда милицияга жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 24-январь күнү 2002-жылы туулган Нуридинова Тохтохан Зиевидиновна аттуу жаран Кайыңды шаарындагы Луговая көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Бул факты электрондук журналга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр, орто дене түзүлүштө, бети сүйрү, чачы узун кызыл, көздөрү күрөң.
Кийген кийими: халат, боз түстөгү жемпир, капюшону бар боз кара күрмө.
Урматтуу жарандар! Нуридинова Тохтохан Зиевидиновнаны көргөндөр же анын жашаган жери тууралуу маалыматыңыздар болсо 0312 60-79-89, (нөөмөт бөлүмү) 0709-33-35-01, 0702-31-75-22, 0557-08- телефондору аркылуу кабарласаңыздар болот.