Ноокенде баңгизат сатууга шектелип 65 жаштагы жаран кармалды

Ноокен милициясы баңгизатын сактап, сатуу менен алектенген жаранды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлады.

Ага ылайык, Ноокен РИИБинин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Ноокен районунун аймагында “Т” аттуу жаран “гашиш” баңгизатын ири өлчөмдө сатып таратуу менен алектенип жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат алынган.

"Ноокен РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектелип Ноокен районунун 1958-жылы туулган А.А. аттуу тургуну кармалган. Шектүүнү кармоо учурунда анын автоунаасынан 1 грамм өзгөчө кескин жыты бар (гашиш) баңгизаты жана атайын белги коюлган акча каражаттары далил буюм катары алынган. Ошондой эле шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, болжол менен 40-45 грамм өзгөчө кескин жыты бар (гашиш) баңгизаты табылган", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголду. Шектүү 5-февраль күнү Ноокен РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан