Чоң-Алайда карышкыр атканы кеткен 27 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды

Чоң-Алай районунда аң уулоо үчүн кеткен 27 жаштагы жигитти кар көчкү басып калып каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 6-февраль күнү саат 00:30 чамасында милицияга кабар келип түшкөн. Анда Чоң-Алай районунун 27 жаштагы Ж.А. аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу кабарланган.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын негизинде, ошол эле күнү саат 05:25 чамасында жогорудагы жарандын жансыз денеси көчкү жүргөн кардын астынан табылды.

Аталган ыкчам издөө иш-чараларга 22 милиция кызматкери, өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жергиликтүү тургундардан 50гө жакын адам тартылган.

"Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө 6-февраль күнү саат 10:30 чамасында Ж.А. каттоодо турган өзүнүн сайсыз 16 калибрдеги ок атуучу куралын алып, беш мергенчи айылдашы менен карышкыр атуу үчүн тоого барган. Ал жерде жолду кыскартуу максатында Ж.А. мергенчилерден бөлүнүп башка жолго түшүп дайынсыз жоголгон. Мергенчилер анын артынан барган учурда маркумдун баскан жолдон узундугу 300 метр, туурасы 50 метр кар көчкү жүргөндүгү аныкталган", - деп билдиришти облустук милициядан.

Аталган маалымат электрондук журналга катталып, текшерүү иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан