Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Түркиядагы жер титирөө болгон шаарларга жардам берүү үчүн учуп кетти.
Куткаруучулар отурган учак бүгүн, 7-февралга караган түнү "Манас" аэропортунан учуп чыкты. Министрликтин куткаруучулары Түркиядагы жер титирөө болгон аймактарга барып, куткаруу иштерин жүргүзүшөт.
Кечээ, 6-февралда саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болду. Жер силкинүүнүн очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алды.
Андан кийин Түркияда дагы эки ирет катуу жер силкинди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен Түркияда 2379 адам каза болсо, Сирияда 1444 адам каза болду.