Каракол шаарында 19 жаштагы келинди бир жаштагы баласы менен уурдап кеткенге шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 6-февраль күнү милицияга жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Арызында ал белгисиз адамдар 19 жаштагы сиңдисин бир жаштагы баласы менен кошо унаага салып, белгисиз жакка алып кетишкенин билдирген.
Бул факты электрондук журналга катталып, кылмыштын изин суутпай ачуу үчүн "Колго түшүрүү" операциясы киргизилген.
"Унаа жана анын ээси, ошондой эле келинди баласы менен уурдап кеткен жер тез аранын ичинде аныкталды. Жалал-Абад облусунун 55 жаштагы тургуну К.Ж. аттуу жаранга тиешелүү болгон ВАЗ-21074 үлгүсүндөгү унаа жөнүндөгү маалымат милициянын бардык постторуна кабарланып, аларды кармоо боюнча тийиштүү тапшырмалар берилген. Унаа "Аалам Ордо" участкасынан токтотулган.
Жабырлануучу 19 жаштагы келиндин айтымында, аны баласы менен чогуу мурдагы күйөөсү, 27 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну К.Э. жана унаанын айдоочусу 55 жаштагы кайнатасы К.Ж. уурдаган", - деп билдиришти облустук милициядан.
Учурда бул факт боюнча иштин бардык жагдайларын иликтенип жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.