23 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну мурдагы саясатчы Нурлан Мотуев зордуктаганын айтып милицияга арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 3-февралда милицияга 23 жаштагы эки баланын энеси арыз менен кайрылган. Арызында ал мурдагы саясатчы Нурлан Мотуев менен социалдык тармак аркылуу таанышканын, мындан алты ай мурун Нурлан Мотуев аны үйүнө чакырып, зордуктаганын билдирген.
Бул факты электрондук журналга катталып, териштирүү иштери башталды. Учурда бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.