Бүгүн эртең менен 08:15те Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Ноокат шаарынын түштүк-батышында 40 чакырым жана Ош шаарынын түштүк-батышында 45 чакырым алыстыкта болгон. Жер титирөөнүн күчү Кара-Таш айылында 3 баллга, ал эми Жаңы-Ноокат жана Кыргыз-Ата айылдарында 2-3 баллга жетип, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.