Баткенде интернетте экстремисттик материалдарды тараткан жигит кармалды

Баткенде социалдык тармак аркылуу диний экстремисттик материалдарды тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Ага ылайык, милицияга 29-январда О. аттуу жаран өлкөдө тыюу салынган диний экстремисттик аудио материалдарды интернет аркылуу таратып жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн.

Аталган факты Баткен РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталган. Буга байланыштуу 22 жаштагы Кадамжайдын тургуну О.З.нун «Одноклассники» баракчасына кароо жүргүзүлүп, андагы аудио материалдар экспертизага жөнөтүлгөн.

Соттук-дин таануу экспертизасынын корутундусуна ылайык, аудио материалдар өлкө аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “ИШИМ” экстремисттик жана террордук уюмга таандык экендиги аныкталды.

Шектүү жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан