Ошто "Женгонун" уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды (фото)

Ошто жаранды коркутуп ири суммадагы акча талап кылууга шектелип Кадыр Досоновдун ("Женго") уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Такталгандай, кармалгандар күч көрсөтүп зомбулук кылабыз деп коркутуу жолу менен кысым көрсөтүп, 14 миң 500 доллар өлчөмүндө акча каражатын Ош облусунун тургунуна милдеттендиришкен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда кармалгандар Ош шаардык сотунун чечими менен камакка алынды.

"УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана шериктештерине каршы аракеттенүүнү улантууда. Ошондой эле УКМК жарандарды уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуулар болсо бардык фактылары боюнча кайрылууга жана билдирүүгө чакырат", - деп билдиришти УКМКдан.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан