Ош шаарында ири суммадагы акча уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБи кабарлады.
Маалыматка ылайык, милицияга 1961-жылы туулган Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал Масалиев көчөсүндөгү клиникаларынын биринде 819 миң сом акчасын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары мурда бир канча ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган Н.у.Б. аттуу жаран кармалды.
Ал уурулук кылгандыгын моюнуна алды. Ал уурдаган акчасынын 330 миң сомуна Chevrolet Spark унаасын алып, 20 миң сомун карыздарына бергендигин, 13 миң 500 сомун алган машинасына ар кандай жабдык алгандыгын, 250 миң сом акчасын үйүнө алып барып сарайына катып койгондугун, жанында 26 миң сом акчасы бар экендигин билдирген.
Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камака алынды.