Биз социалдык тармакта

Беш облуста жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда президенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Ага ылайык, 9-апрелде аталган облустарда айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.
Шайлоо өтө турган кеңештердин тизмеси:
Нарын: Жумгал районунун Чаек, Көк-Ой айылдык кеңештери.
Баткен: Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кеңештери.
Ош: Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңеши, Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңеши, Ноокат районунун Исанов айылдык кеңеши, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңеши.
Талас: Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештери.
Чүй: Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңеши, Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңеши.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан