Ош шаарында дайынсыз болуп жаткан жарандын сөөгү каналдан табылды. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Белгилүү болгондой, 58 жаштагы аял 2022-жылдын 13-декабрында Петров көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.
Анын сөөгү Абакир уулу Төрөбек көчөсүнөн агып өткөн Увам каналынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.