Жалал-Абадда опузалап пара алууга шектелген чиновниктер кармалды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын жана райондук архитектурасынын жооптуу кызматкерлери кармалды. Алар опузалап пара алууга шектелип жатканын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Аталган кызмат адамдары алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке ишкерден коммерциялык объектти курууга уруксат берүү үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Белгиленгендей, акча каражаттарынын бир бөлүгүн берип жаткан учурда Базар-Коргон райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы бухгалтери К.Т. жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын архитектура-курулуш көзөмөлүнүн башкы инспектору Д.А. кармалды.

Алар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышты жасоого катышкандардын бардыгын аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абадда опузалап пара алууга шектелген чиновниктер кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан