Бийликти күч менен басып алуу боюнча коомчулукка кайрылуусу үчүн жарандык активист кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ал 6-февраль күнү бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деп кармалды.
"Соттук-лингвистикалык экспертизанын жана бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруунун белгилеринин бар экендиги жөнүндө иш боюнча алынган башка далилдердин негизинде Н.Н.А. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдиришти УКМКдан.
УКМК жарандарды социалдык тармактарда араздашууну тутандырууга, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган ар кандай антиконституциялык чагымдарга жана чакырыктарга алдырбоого чакырат.