Түркиядагы жер титирөөдөн 28 жаштагы футболчу каза болду

Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепетинен "Ени Малатяспор" футболдук клубунун дарбазачысы Ахмет Эйюп урандылардын астында калып каза болду. Мындай маалымат аталган футболдук клубдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, футболчу 28 жашта болгон.

"Биздин дарбазачыбыз Ахмет Эйюп урандылардын алдында калып каза болду. Жаткан жериң жайлуу болсун. Сен биздин элесибизде эң жакшы адам бойдон калдың", - деп айтылат клубдун билдирүүсүндө.

Буга чейин Гана улуттук курама командасынын жана Түркиянын "Хатайспор" футболдук клубунун жарым коргоочусу Кристиан Ацу Түркиядагы жер титирөөдөн кийин дайынсыз жоголгондугу кабарланган. Кийинчерээк ал табылып, ооруканага жеткирилгендиги маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-02-08 13:46:00
кайгы..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан