УКМК контрабандалык тамекинин ири партиясын кармады

Контрабандалык тамекинин партиясы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Контрабандалык тамеки буюмдарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында, ошондой эле башка өлкөлөрдөн көмүскө ташылып жаткан импорттун өсүү тенденциясын эске алуу менен, жеке адамдардын контрабандалык иш-аракеттери аныкталган",- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, аталган адамдар Кыргызстандын рыногуна сатылып жаткан тамекилерди бюджетке тиешелүү төлөмдөрдү төлөбөстөн, узак убакыт бою аткезчилик жол менен ташып келип жүргөнү аныкталган. Кармалган продукциянын суммасы 288 миң кутудан ашык тамекини түздү.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында келтирилген зыяндын көлөмүн, ошондой эле бул мыйзамсыз ишке катышкан тараптарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

УКМК контрабандалык тамекинин ири партиясын кармады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан