Кара-Балтада 15 жаштагы өспүрүмдүн акчасы менен телефонун уурдоого шектүүлөр кармалды

Кара-Балта шаарында белгисиз жарандар өспүрүмдүн акчасын жана телефонун карактап кетишкен. Бүгүн, 8-февралда кылмышка шектүү жаран кармалганын Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, кылмыш 5-февралда Кара-Балта шаарында болгон. Кечки саат 21:00 чамасында 15 жаштагы өспүрүмдү электр тогунун жардамы менен "Мерседес" үлгүсүндөгү унаага күч менен салып кетишкен.

Жигитти шаардын четине алып барып, сабап, уюлдук телефонун жана акчасын тартып алышкан.

Аталган факты "каракчылык" беренеси менен каттоого алынган.

Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары А.Б., Ы.Э., О.И. аттуу жарандар колго түшүрүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө алардын башка кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталганы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан