Жалал-Абад облусунда "Чычкан" чек ара постунда "гашиш" баңгизатын ташыган аял кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинен билдиришти.
"Жалал-Абад облусунун "Чычкан" постунда Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа токтотулган, ыкчам маалымат боюнча унаада баңгизаттарды ташыган жүргүнчү болгон", - деп айтылат билдирүүдө.
Унааны текшерүүдө ичинде ширеңке түрүндөгү кочкул жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар кыры кесилген 51 даана баңгизатка окшош зат табылып алынган. Анын жалпы салмагы 615 граммды түздү.
Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат “гашиш” болуп чыккан.
Кармалган жаран 1976-жылы туулган Токтогул районунун Ш.А. аттуу тургуну экендиги аныкталды.
Азыркы учурда кармалган жаран Ош шаарынын тергөө абагына киргизилип, бул кылмыш ишине тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.