Жалал-Абадда бир нече кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ШИИБине 4 жаран арыз менен кайрылган. Алардын бири 21-январь күнү саат 16:30 чамасында Жалал-Абад шаарынан жалпы баасы 22 миң сом болгон 2 даана телефонун уурдатканын билдирген. Экинчиси ошол эле күнү саат 9:30дан кечки саат 21:30га чейинки аралыкта белгисиз кылмышкерлер үйүнө кирип, 101 миң 500 сомдук зер буюмдарын уурдап кетишкенин айткан.
Үчүнчүсү 24-январь күнү саат 14:30 чамасында 32 миң сомдук “Айфон” үлгүсүндөгү телефонун белгисиз бала “Чалып алайын” деп алып, из жашырып кеткенин жазган. Ал эми төртүнчү жаран 27-январь күнү саат 14:30 чамасында компьютердик клубда өзүнө бейтааныш бала келип базар баасы 20 миң сомдук телефонун коркутуп алып койгондугун билдирген.
Натыйжада жабырлануучулар жалпысынан 175 миң 500 сомдук материалдык чыгымга дуушар болушкан.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо), 206-беренеси (Тоноо) жана 209-бересинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
"Жалал-Абад ШИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы фактыларга шектүү катары 4 жаран кармалды. Алардын бири Жалал-Абад шаарынын тургуну 1999-жылы туулган Ш.Н. жогорудагы 4 кылмыш ишине катышкандыгы аныкталган. Ал эми Ш.Н. менен кошо Жалал-Абад шаарынын тургундары 1993-жылы туулган Ж.А., 1987-жылы туулган Х.Х. жана Сузак районунун тургуну 2001-жылы туулган К.Н. зер буюмдарын уурдоого шектелип кармалышты", - деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алардын баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, Ш.Н. 2 айга камакта калтырылып, калганы үй камагына чыгарылган. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.