Ош шаарында аялын жана 9 жашар уулун мууздап салган адам кармалды. Мындай маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди. Кылмыш бүгүн, 9-декабрда саат 14:00 чамасында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, 28 жаштагы жаран 41 жаштагы аялды жана анын 9 жаштагы уулун бычактап салды. Чатак кызганычтын айынан келип чыкканы айтылууда. Биринчи аялды өлтүрүп, андан кийин күбө болбошу үчүн уулун мууздап салган. Ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, кылмышка шектүү жаран күнөөсүн моюнга алды. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.