Жалал-Абадда “Мыйзам Нуру коррупцияга каршы коомдук жардам” бирикмесинин мүчөсү пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, "опузалап талап кылуу" боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында бирикменин инспектору Т.Г. акча каражатын алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.
Анын Жалал-Абад облусундагы бала бакчалардын биринин директорун колунда бар делген компроматты укук коргоо органдарына өткөрүп берем деген коркутуу менен акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.
Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери жүрүп жатат.