Башкы прокуратура: "Нарында 48 миллион сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды"

Нарын облусунун Кочкор районунда 48 миллион сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышы боюнча “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Кочкор филиалында текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүдө аталган орган тарабынан мамлекеттик үрөн чарбасынын менчигинде турган жер аянты эч кандай укук аныктоочу иш кагаздар жок болсо дагы жеке менчиктеги үрөөн чарба кооперативинин наамына берилип кеткендиги аныкталган.

"Текшерүүнүн жыйынтыгы менен көзөмөл органы тарабынан прокурордук талап келтирилип, жогоруда аталган 48 миллион сомго бааланган 9,2 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан