Футбол жылдызы Лионель Месси катуу жер титирөөдөн кийин Түркия менен Сирияга жардам берүү үчүн 3 миллион 500 миң евро бөлдү. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аргентиналык атактуу футболчу жабырлануучуларга жардам жөнөтүүнү өзүнүн фондунан суранган. Жыйынтыгында 3 миллион 500 миң евро Мессинин фондунан Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга бөлүнгөн.
Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга дүйнөнүн төрт бурчунан жардамдар келүүдө. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жабыркагандарга жардам дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн келгенин билдирди.
Кайрымдуулук акцияларына белгилүү инсандар, спортчулар, журналисттер жана карапайым калк катышат.