Түркиянын Сирия менен чектеш Хатай провинциясында зилзалада Кыргызстандын бир жараны каза тапканы айтылды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу билдирди.
"Хатай шаарында кыргызстандык келиндин сөөгү кыйраган үйдүн урандыларынын алдынан табылган", - деп айтылат маалыматта.
Каза болгон жаран 37 жашта экени айтылды. Ал жакта хатайлык карыяны карап, иштеп жүргөн. Мындай маалыматты консулдукка иш берүүчү үй-бүлө тастыктаган.
Учурда консулдук тарабынан мигрант келиндин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү боюнча иш жүрүп жатат.