Бишкек шаарында көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылган 15 жаштагы кыз куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Бишкектеги Айни көчөсүндө жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн 6-кабатынан 2008-жылы туулган С.А аттуу кыз секирүүгө аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 5 куткаруучу жана ИИМден 1 кызматкер тартылып, аталган кыз жерге түшүрүлгөн.
Министрлик өмүрүн кыюуга аракет кылган кыз ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилгендигин билдирди.