Футбол: Кыргызстандын жаштар курамасы даниялык клуб менен тең чыкты

Футбол боюнча 20 жашка чейинкилер арасындагы кыргыз улуттук курама командасы Даниянын "Вайле" футболдук клубу менен Түркияда жолдоштук беттеш өткөрдү.

Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Кыргыз курамасынан жалгыз голду коргоочу Христиан Браузман киргизди.

Бул оюнга "Енисей" клубу менен Түркияда окуу-машыгуу жыйынында жүргөн "Ак шумкарлардын" коргоочусу Валерий Кичин жашар курамасын колдоо үчүн келди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын 20 жашка чейинкилер арасындагы курама командасы март айында Өзбекстанда өтө турган Азия Кубогуна катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Berlin_86
2023-02-10 16:06:00
Жашар курамасын эмес Жаштар курамасын болсо керек. Аны да ондоп койгула уят журналисттер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан