Чүйдө төрт эм наристе жарык дүйнөгө келди

Бүгүн, 10-февралда Чүй облустук төрөт үйүндө төрт эм жарык дүйнөгө келди. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты.

Кабарга ылайык, эне жана ымыркайлардын абалы жакшы. Алардын үчөө кыз, бири уул.

Ымыркайлардын салмагы: 2 килограмм 494 грамм, 2 килограмм 218 грамм, 2 килограмм 48 грамм жана 2 килограмм 432 грамм.

Белгилей кетсек, наристелердин апасы 29 жашта экени маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Мунарбек
2023-02-10 15:45:00
МаашАллаа өмүрлөрү узун болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан