УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Ош облусунун Өзгөн районунда крим чөйрөсүндө "Женго" деген кайманы ат менен белгилүү Кадырбек Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү О.Н. жана анын шериктери кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтын маалыматында айтылды.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, кармалган адам Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн Баткен райондук соту тарабынан 2021-жылы издөөгө алынган.
Ал Баткен районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.