Түркиядагы зилзаладан каза болгондор 24 миңге чамалады

Түркия жана Сирияда катталган жер титирөөдөн каза болгондордун саны 24 миңге чамалады.

Соңку маалыматтарга караганда, Түркияда 20 миңден ашык адам мерт болду, ал эми Сирияда 3,5 миңден ашуун кишинин сөөгү табылды.

Жабыр тарткан аймактарда 29 миңден көп куткаруучулар иш алып барууда.

Белгилей кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Жер силкинүү Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан