Сокулук районундагы массалык мушташтан бир адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, окуя бүгүн, 12-февралга караган түнү саат 03:30 чамасында болгон. Анда Сокулуктагы супермаркеттин жанында 29 жаштагы А.Ш. аттуу жаран өзүнүн достору менен турган. Ошол убакытта жанында өтүп бара жаткан эки жигит менен кайым айтыша кетишип ал массалык мушташка айланган.
Жыйынтыгында мушташтын катышуучуларынын бири дүкөнгө чуркап кирип бычак алып чыгып, А.Ш аттуу жаранды жүрөк тушка сайып жиберген. Ал алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон.
Бул кылмышка шектүү катары 2005-жылы туулган С.А жана 2004-жылы туулган Э.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.