Алмазбек Исманкулов 9-апрелге чейин камакка алынды

"Көз микрохирургиясы" госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов 9-апрелге чейин №1 тергөө абагына камакка алынды. Маалыматты Бишкек шаардык сотунан маалымдашты.

Билдирмеге ылайык, Октябрь райондук соту Исманкуловдун баш коргоо чарасын кечээ, 12-февралда караган.

Ал эми дарыгер менен кошо кармалган Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгы боюнча департментинин башчысы Талант Рыскулбек уулу 9-апрелге чейин үй камагына чыгарылды.

Белгилей өтсөк, алар Бишкектеги №6 клиникалык оорукананын экинчи корпусуна байланышкан коррупцияга шектелип кармалган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан