Валентин күнүндө сүйүктүүңүздүн эсинде кала тургандай белек берүүнү пландап жатасызбы? MEGA компаниясынын кооз номерлерин алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланыңыз. Ал номерлерди түгөйүңүз экөөңүздөр үчүн маанилүү сандардан куроого болот — экөөңүздөр таанышкан дата же ашыгыңыздын туулган күнүнүн датасындагы сандардан.
Уникалдуу мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз! Романтикалуу майрам – сүйүшкөндөр күнүнүн алдында MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору жыл сайын ушул күнгө карата өткөргөн акциясын жарыялайт. Анын алкагында «Күмүш», «Алтын» жана «Платина» VIP-категориясындагы, окшош сандардын комбинациясындагы, бирок коддору башка-башка болгон кош-номерлердин баасы 30 пайыздан 50 пайызга чейин арзандатылат.
Акция 13-февралдан 15-февралга чейин MEGA компаниясынын бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунда жана фирмалык кеңселеринде, сатып алынган SIM-карталарды «Элдики + MegaTV» тизмегиндеги тарифтердин бирине кошкон учурда аракетте болот.
Өзүңүзгө жана сүйүктүүңүзгө пайдалуу баада өзгөчө белек тартуулаңыз. Баса, номерлердин саны чектелүү, андыктан чамдаңыз!
MEGA – мыктыны тандоо!