Бүгүн, 13-февралда Бишкекте бир катар чөнтөк уурулук, кылмыш жолу менен табылган мүлктү сатып алуу же сатуу жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, 2022-жылдын октябрь айында калаанын тургуну милицияга кайрылып, кичүү сиңдисинин IphoneXR үлгүсүндөгү телефонун кичи автобустан уурдап кеткенин билдирген.
Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган А.С., 1993-жылы туулган Б.Н., 1983-жылы туулган Г.С. кармалган. Тинтүү учурунда кармалгандардын жанынан 4 ноутбук, 6 планшет жана 305 уюлдук телефон табылган.
Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 217-беренеси ("Кылмыш жолу менен атайылап алынган мүлктү сатып алуу же сатуу") жана 222-беренеси ("Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)) боюнча кылмыш иштери козголгон.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында алынган телефондордун арасынан уурдалган смартфондор аныкталган.
Учурда тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, алардын жүргөн жерин аныктоо жана башка тиешеси бар адамдарды кармоо иштери жүрүүдө.