Жалал-Абадда Женгонун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды (видео)

Жалал-Абад облусунда Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, ал криминалдык чөйрөдө "Женго" деген каймана аты менен белгилүү Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири 1986-жылы туулган К.С. экени белгилүү болду.

Ал 2022-жылдын июнь айынан бери "алдамчылык" беренесинин негизинде издөөдө жүргөн.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, анын башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Жалал-Абадда Женгонун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан