Жалал-Абаддын Сузак районунда “жылаңач түшкөн сүрөттөрүңдү интернетке таратам” деп акча опузалагандар кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, милицияга Сузак районунун 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арыз ээси 2022-жылдын декабрь айынын ортолорунда Жалал-Абад шаарында такси кылып жүрүп, бир аял менен таанышкандыгын, аны менен социалдык тармакта сүйлөшүп жүргөндүгүн билдирген.
Бул учурда аял киши “жылаңач сүрөтүңүздү жөнөтүңүз” деп сактап алып, кийин аларды "интернетке таратам” деп коркутуп, акча талап кылып жүргөн.
"Аял киши өзүнүн дагы бир шериги менен акча талап кылуусун токтотпой, кийим-кече, үй-тиричилик буюмдарын алдырып, карыздарын төлөтүп, жалпы суммасы 187 000 сом акчасын коркутуп алышкан. Алар азыркы учурда дагы акча талап кылып жатканын билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган", - деп айтылат билдирүүдө.
Ушул жылдын 10-февралында аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектелип Сузак айыл аймагынын тургуну 1983-жылы туулган М.Н. жана Жалал-Абад шаарынын Курманбек кичи районунун тургуну 1987-жылы туулган Р.М. кармалган. Алардан опузалап талап кылган 15 миң сом акча жана WhatsApp тиркемесинде жазылган видео, аудио жана текст жазуулары алынган.
Мындан сырткары, тергөөнүн жүрүшүндө аталган ишке Сузак айылдык кеңешинин депутаты 1980-жылы туулган А.А. жана Сузак районунун Сузак айыл аймагынын тургуну 1990-жылкы А.Б. шериктеш болуп жүрүшкөндүгү такталган.
Жалал-Абад облустук милициясы жогорудагы кылмыш ишине шектүүлөрдөн жабыр тарткандарды (03722) 5 15 12 номерине кайрылса болорун эскертет.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.