Кантта баңгизатын мыйзамсыз жүгүрткөн Пакистандын жарандары кармалды

Кантта баңгизатын мыйзамсыз жүгүрткөн Пакистандын жарандары кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 7-февралда милицияга арыз менен 25 жаштагы С.З. аттуу Пакистандын жараны, Кант шаарынын жашоочусу кайрылып, үйүнөн 10 миң доллар, 2 макбук жана iPhone 14 Pro үлгүсүндөгү жаңы уюлдук телефону уурдалгандыгын билдирген.

Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Ага шектелип 21 жаштагы М.Х., 24 жаштагы М.Г., 24 жаштагы А.М. аттуу Пакистандын жарандары аныкталып, кармалган.

Алар сурак учурунда арыз ээсинин үйүнөн баңгизатын уурдагандыгын, башка эч нерсе албагандарын билдиришкен.

Кармалган жарандардын үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, өлчөмү 1504 граммды түзгөн афган гашиши (чарз) баңгизаты табылган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө арыз ээси өзү бир нече жыл бою Пакистандан баңгизатын алып келип, өзүнүн Кыргызстанда жашаган мекендештерине сатып келгендиги аныкталган.

9-февралда аталган кылмыш ишинин материалдары өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, "баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Арыз ээсинин үйүнө дагы тинтүү жүргүзүлүп, андан 55 грамм салмактагы баңгизаты (гашиш) табылган.

Ошол эле күнү төрт жаран тең тергөө изоляторуна 2 айга камакка алынды.

Тергөө иштери уланып жатат.

Кантта баңгизатын мыйзамсыз жүгүрткөн Пакистандын жарандары кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан