Ошто мамлекеттик мүлк мыйзамсыз ижарага берилип, мамлекетке 2 миллион сомго жакын зыян келтирилген

Мамлекеттик мүлк мыйзамсыз ижарага берилип, мамлекетке 1 миллион 900 миң сом зыян келтирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан мамлекеттик мүлктөрдү мыйзамсыз ижарага берилгендиги аныкталып, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголду.

Текшерүүдө Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун Ош, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнүн кызмат адамдары жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын Ош шаарындагы бөлүмүнүн кызмат адамдары аталган мекемеге караштуу мамлекеттик имаратты аукциондон өткөрүүдөн качып, мамлекетке түшө турган пайданы атайын азайтып, жеке жактардын атынан жасалма келишимдерди түзүп, өздөрүнө пайда табуу максатында “А.Т.” жеке мектебине, жеке жана юридикалык жактарга ижарага беришип, мамлекетке 1 миллион 964 миң 373,71 сомдук ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталган.

Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-02-13 22:50:00
wow.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан