Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Түркиядагы урандылардын алдынан бешинчи жаранды тирүү алып чыкты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.
"Кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмараш шаарындагы “Хайрылло махелеси” деп аталган аймагынан ураган имараттын арасынан 38 жаштагы Хадиче Ахар аттуу аял кишини тирүү алып чыгышты", - деп билдирди ӨКМ.
Бул Кыргызстандын куткаруучулары урандынын алдынан тирүү алып чыккан бешинчи жаран болду.
Буга чейин түрк бийлиги убакыттын өтүшү менен урандылардын астынан тирүү адамдарды табуу мүмкүнчүлүгү азайып баратканын, мындан улам унаа токтотуучу жайларга, стадиондорго жана спорт залдарга убактылуу өлүкканалар даярдалганын билдирген.