Бишкекте эки жаран Honda Fit унаасын уурдоого шектелип кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Кабарлангандай, 11-февралда милицияга А.У. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 10-февралдан 11-февралга караган түнү Фучик өчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда токтоп турган унаасын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген.
Аталган факты каттоого алынып, "автотранспорт каражатын уурдоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип, 1992-жылы туулган К.Р. жана 2000-жылы туулган К.Б. аттуу жарандар колго түшүрүдү. Белгиленгендей, алар кармоо учурунда уурдалган унаанын ичинде болушкан.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Азыркы учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тийиштиги бар-жогун аныктоо иштери жүрүп жатат.